Мазмунга өтүү
Баш барак
Баш баракБиз тууралуу маалыматЖаңылыктарКитепти алууКитепканаЖеле

Грузияга күтүлгөн натыйжалардын анализи: Украинадагы согуш Грузиянын экономикасына кандай таасир этет?

Грузиянын экономикалык сабаттуулук демилгеси
3/24/22

Экономикалык божомолдор ар кандай математикалык жана статистикалык моделдерди колдонуу аркылуу түзүлөт. Бирок Украинада болуп жаткан согуш сыяктуу кырдаалдардын экономикалык моделдери жок, анткени түздөн-түз байланыштуу үлгүлөр жок. Экономисттер өздөрүнүн моделдерин чыныгы турмушка колдонууда өткөн тажрыйбага таянышат. Ошондуктан азыркы кризистик абалда экономисттер жөнөкөй экономикалык логикага жана учурдагы тенденциялардын анализине таянуу менен жыйынтык чыгарышат. Сиз да жалпыга жеткиликтүү маалыматтарды жана экономикалык логиканы колдонуу менен ушул сыяктуу тыянактарды жасай аласыз.

Россиянын Украинадагы согушунун натыйжасында Грузияны эмне күтүп турганын талдап көрөлү. Ал үчүн тышкы экономикалык байланыштарыбыздын кандайча өзгөрөөрүн түшүнүү керек:

Тышкы соодага кандай таасир тийиши мүмкүн?

Украина да, Россия да, ошондой эле, согуштан жабыркашы анык болуп турган Европа Биримдиги менен Түркия да Грузиянын негизги соода өнөктөштөрү. Адегенде Грузиянын кайсы өлкөлөрдөн продукция алып жатканын карап көрөлү. 2021-жылы Грузиянын жалпы импорту 10 миллиард АКШ долларын түзгөн. Анын импорт боюнча негизги өнөктөштөрү Европа Биримдиги жана Түркия болгон, алардын үлүшү 2021-жылы Грузиянын импортунун 42%ын түзгөн. Россиянын импорттогу үлүшү 10%ды түзүп, салыштырмалуу төмөн жана акыркы 9 жылда олуттуу өзгөргөн эмес. Украинадан алынган товарлар жалпы импорттун 4,7%ына барабар. Демек, Грузия өзүнүн импортунун болжол менен 14-17%ын жарым-жартылай алмаштырууга туура келет деп айтууга болот. Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларынын жана андан улам өлкөдө башталган экономикалык кризистин натыйжасында Россиядан импорт ансайын татаалдашат. Ошондой эле, Россиянын банктарынын SWIFTтен чыгарылуусу Россия менен соода-сатык мамилелерди абдан кыйындатат, ал эми аскердик кол салуу Украинадан товарларды экспорттоого таасир тийгизет жана учурдагы жеткирүү түйүндөрүн оордотот.

График 1 – Грузиянын импортунун өлкөлөргө карата түзүмү (2013-2021)

Экспорт Грузиянын өндүрүш тармагы жана жалпы жумуш менен камсыз болуу деңгээли үчүн өтө маанилүү. 2021-жылы экспорттун көлөмү болжол менен 4,2 миллиард АКШ долларын түзүп, анын 7%ы Украинага жана 14%ы Россияга туура келген. Акыркы жылдары Грузиянын Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнө экспорту жалпы экспорттун болжол менен бештен бир бөлүгүн түзгөн. Грузиядан Украинага экспорт да, импорт сыяктуу эле, согуштун жеткирүү чынжырынын логистикасына тийгизген таасирин эске алганда татаалдашат. Ал эми Россияга экспорт андан да оор болот, анткени ал SWIFT системасынан чыгарылгандан кийин банк операциялары кыйла кыйындайт.

График 2 - Грузиянын экспортунун өлкөлөргө карата түзүмү (2013-2021)

Грузиянын импорттук агымдарынын да, экспорттук агымдарынын да кыскарары анык. Грузин ишкерлери импорттук товарларды алууда да, экспорттук товарларды сатууда да соода өнөктөштөрүн алмаштыруунун жолдорун карап чыгышы керек. Белгилей кетсек, Грузиянын импорту экспортунан алда канча жогору, башкача айтканда, Грузия чет өлкөлөрдөн аларга сатканга караганда көбүрөөк сатып алат.

Сатканга караганда көбүрөөк сатып алсак, импорттук чыгымдар кантип жабылат?

Грузия өзүнүн терс соода балансын төлөө үчүн бир нече булактарга ээ. Алардын арасында жыл сайын болжол менен 1,5 миллиард АКШ долларын түзгөн жеке чет өлкөлүк инвестициялар бар; бирок 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан улам, ал болгону 0,5 миллиард АКШ долларын түзгөн (Грузиянын Улуттук статистика кызматы). Грузиядагы жеке чет элдик инвестициялардын негизги булагы ЕБ өлкөлөрү болуп саналат, аларга чет элдик инвестициялардын 60%ы туура келет, ал эми Украина менен Россиянын үлүшү болгону 10%.

Импортту каржылоонун андан да маанилүү булагы болуп чет өлкөдө иштеген грузин жарандарынын Грузиядагы үй-бүлөлөрүнө жөнөткөн акча которуулары саналат. 2021-жылга карата акча которуулары 2,3 миллиард АКШ долларын түзгөн (булак: Грузиянын Улуттук банкы). Адатта Россия Грузияга жиберилген акча которууларынын негизги булагы болуп келген, бирок акыркы эки жылда бул тенденция олуттуу өзгөргөн. Россия Федерациясынан акча которуулардын үлүшү 18%га чейин кыскарып, Европа Биримдигинин үлүшү болсо олуттуу өсүүдө (төмөндөгү графикти караңыз). Киргизилген санкциялар, өзгөчө Россиянын SWIFT системасынын мүчөлүгүнө тыюу салынышы Россиядан акча которууларга кыйынчылыктарды пайда кылды жана ал жактан акча которуулардын көлөмү азаят деп күтүүгө болот.

График 3 – Грузияга жиберилген акча которууларынын өлкөлөргө карата түзүмү

Жыйынтыктап айтканда, төмөнкүдөй божомол жасоого болот: бул согуш маанилүү тышкы экономикалык өнөктөштөрдүн ортосунда жүрүп жатат жана ал Грузиянын экономикасында олуттуу термелүүлөрдү пайда кылат. Бирок, жыйынды таасирди аныктоо кыйын. Согуш өзгөчө Грузиянын Россия менен болгон экономикалык мамилелерине таасир берет. Грузиянын ишкерлери альтернативдүү коммерциялык мамилелерди издөөгө, ал эми мамлекет болсо европалык өнөктөштөрдөн каржылык экономикалык колдоо күтүүгө аргасыз болот.