Мазмунга өтүү
Баш барак
Баш баракБиз тууралуу маалыматЖаңылыктарКитепти алууКитепканаЖеле

Тейлөө шарттары

Econfun.org барагы АКШнын Нью-Жерси штатында 501(c)(3) коду менен расмий катталган "Economic Fundamentals Initiative (EFI)" фонду аттуу киреше алууга негизденбеген уюм менен байланышкан.

Биз которуп жана жайылтып жаткан мазмун бизге берешендиктин негизинде анча-мынча төлөмгө ылайык же таптакыр акысыз сунушталды. Өз кезегинде EFI өз ишмердигин соода-сатыкка айлантууга умтулбайт. Биздин econfun.org барагыбыздагы бүткүл мазмун "Creative Commons Attribution-NonCommercial-NoDerivatives (CC-BY-NC-ND 4.0)" калыбына ылайык лицензияланган.

Төмөнкү шарттарды эске алуу менен бирге бул материалды каалаган медиа чөйрөдө жана форматта эркиңизче жайылта берсеңиз болот:

  • Булагыңызды урматтаңыз: биздин интернет барагыбыздан алынган же EFI тарабынан берилген бардык материалдарды жогоруда айтылган лицензиябыздын шарттарына ылайык колдонуңуз жана ачыңыз
  • Бул материалдарды сооода-сатыктан сырткаркы максаттарда гана колдонуңуз
  • Мазмунду өз калыбын бузбай сактаңыз: материалдарды чабыштырып, өзгөртүп жана кошумчалап туруп жайылтууга тыюу салынат

Сиз интернет барагыбызды ушул эрежелер менен шарттарга жана мыйзамдуу, туура максаттарга ылайык гана колдоно аласыз.

Сиздин купуялыгыңыз

Биздин econfun.org барагыбызда колдонуучуларыбыздын купуялуулугун сыйлайбыз. Мунун чоо-жайын билүү үчүн биздин "Купуялык саясатыбызды" караңыз. Кызматтарыбызды колдонууга баруу менен, Сиз "Купуялык саясатыбызда" көрсөтүлгөн маалыматтарыңызды чогултуубузга жана колдонуубузга макулсуз.