Баш барак
Баш баракБаш баракЖөнүндөЖаңылыктарКитепти алуу

“Жүйөлүү экономика”

Munara Omuralieva
9/27/23

Борбордук Азия Университетинин (БАУ) Мамлекеттик саясат жана башкаруу институту Экономикалык негиздер демилгесинин (EFI) колдоосу менен Экономикалык сабаттуулук долбоорунан алкагында жарык көргөн, Билим берүү жана илим министрлигине “Жүйөлүү экономика” китебинин 600 нускасын белекке берди.

“Экономикалык сабаттуулук” долбоорунун негизги максаты – БАУ тарабынан которулуп басылып чыккан “Common sense Economics” (Жүйөлүү экономика) аймактык басылмасын бардык форматта калкка жайылтуу жана таратуу аркылуу Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европанын жана КМШ өлкөлөрүнүн аймактарында экономикалык сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

 «Биз Кыргызстан боюнча жаштарга экономикалык билим берүү үчүн Борбордук Азия Университети менен өнөктөш болгонубузга кубанычтабыз», - дейт Элеонор Хаммонд, Экономикалык демилгелердин негиздери уюмунун аткаруучу директору. «2019-жылдан бери биз Common Sense Economics китебин 9 тилге котордук. Китепти кыргызчага которуу өтө кыйын болуп чыкты, мунун өзү биздин долбоорго канчалык муктаждык бар экенин көрсөтүп турат. Биз ар бир адам негизги экономикалык принциптерди түшүнүшү керек жана окуу материалдарын өз тилинде алуу менен ар бир адам өзү, үй-бүлөсү жана коомчулугу үчүн жакшыраак чечим чыгарууга ыйгарым укуктарга ээ болот деп эсептейбиз”. 

Common sense economics (Жүйөлүү экономика) англис тилинен кыргыз жана орус тилдерине которулган жана мамлекеттеги экономикалык процесстерди түшүнүү үчүн зарыл болгон билимдерди камтыйт. Бул китеп экономика жыйнактарынын арасында бестселлер болуп калды жана мектеп окуучуларына финансылык сабаттуулук жаатында маанилүү билимдерди алууга мүмкүнчүлүк берет.

 «Кыргызстанда профессионалдык экономикалык адабияттын жоктугу көптөн бери тынчсызданууну жаратып келет. Борбордук Азия Университети менен Экономикалык демилгелердин негиздеринин кызматташтыгы бул ажырымды жоюудагы оң кадам», - дейт БАУнун Мамлекеттик саясат жана башкаруу институтунун улук илимий кызматкери Кемел Токтомушев.

Учурда Кыргыз жана орус тилдериндеги бардык нускалар Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Нарын (159 китеп), Ысык-Көл (254 китеп), Чүй (70 китеп) жана Талас (117 китеп) аймактарындагы мектептердин китепканаларына өткөрүлүп берилди.