Баш барак
Баш баракБаш баракЖөнүндөЖаңылыктарКитепти алуу

БАУда Эл аралык экономика олимпиадасы

Юлия Бабюк
4/23/24

Борбордук Азия университетинин Коомдук саясат жана башкаруу институту (IPPA) Экономикалык негиздер демилгеси (EFI) менен биргеликте Кыргызстанда экономика боюнча эл аралык олимпиаданын экинчи турун өткөрдү. Бул иш-чара Экономикалык сабаттуулук долбоорунун маанилүү компоненти болуп, бүткүл өлкө боюнча орто мектеп окуучуларынын арасында экономикалык түшүнүктү өрчүтүүгө багытталган. Биринчи турга катышкан 270 мектептен 2861 окуучунун ичинен Нарын, Баткен, Ош, Ысык-Көл жана Чүй облустарынан 38 финалист экинчи турга өттү. Эми 5 жеңүүчү 2024-жылы күзүндө Грецияда өтө турган Эл аралык олимпиаданын финалында Кыргызстандын намысын сыймыктануу менен коргойт.

«Биздин экономика боюнча экинчи олимпиада жылыбызды ийгиликтүү аяктаганыбызды белгилеп жатканыбызда, мени мектептер менен окуучулардын кызыгуусу артып жатканы кубандырат. Грецияда боло турган финалдык оюндар менен, бардык көңүл биздин финалчыларга бурулуп, алар күчтүү болуп, бизди жакшы көрсөтөт деп үмүттөнөбүз», - дейт IPPAнын улук илимий кызматкери Кемел Токтомушев.

Беш жеңүүчүнүн бири, Бишкектеги эл аралык мектептен келген Сандро Кватчадзе мындай дейт: «Мен олимпиадага экинчи жолу катышып жатам – былтыр мен оффлайн баскычына чыктым, тилекке каршы финалга өтө алган жокмун. Быйыл жакшыраак даярдандым, баары ойдогудай болду”.

Олимпиаданын финалисти, 9-класстын окуучусу Барсбек Байышбеков: “Мен англис тилиндеги “Жүйөлүү экономика” китеби менен даярдандым, бактыга жараша финалга чыктым. Мен экономикага абдан кызыгам жана олимпиадага даярдануу учурунда анын бай тарыхы тууралуу көп нерселерди биле алдым».

2-турдун катышуучусу, Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы облустук мектеп-интернатынан Саткынбаева Акчолпон өз таасири менен бөлүшөт: «Олимпиадага катышуу мага жаңы таанышууларды, жаңы тажрыйбаларды алып келди. Кийинки жылы дагы катышам жана финалга чыгам деген үмүттөмүн.

Мектеп окуучулары үчүн Экономикалык негиздер демилгеси (EFI) тарабынан колдоого алынган эл аралык экономика олимпиадасы экономиканын жана каржынын биздин күнүмдүк жашообуздагы маанилүүлүгү жөнүндө жалпы маалымдуулукту жогорулатууга гана эмес, Кыргызстандын эң таланттуу балдарына да өз өнөрлөрүн, алардын жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүүгө, жана дүйнө жүзү боюнча башка студенттер менен атаандашканга мүмкүнчүлүк берүүнү көздөйт. Олимпиадага катышуу менен окуучулар баалуу тажрыйбага ээ болуп, критикалык ой жүгүртүүсүн жана көйгөйлөрдү чечүү жөндөмдөрүн өнүктүрө алышат.