Мазмунга өтүү
Баш барак
Жүйөлүү Экономика
Жеке & Улуттук Бакыбаттык Жаатында Ар Ким Билүүгө Тийиш Маселелер

Элемент 1.1

Стимулдар өтө маанилүү

Кирешелер менен чыгымдардын өзгөрүшү тандоолорго күтүлгөндөй таасир этет.

Экономика жалпысынан жөнөкөй жобого негизделген: стимулдардын өзгөргөнү кишилердин жүрүм-турумуна күтүлгөндөй таасир этет. Акчалай жана акчалай эмес факторлор стимулдарга таасир кылат. Эгерде кайсы бир нерсе кымбатка турчу болсо, аны кишилер оңой эле тандашы күмөн. Анын сыңарындай, кайсы бир варианттан алынчу пайда көбөйсө, анда кишилердин ошол вариантты көбүрөөк тандашы күтүлөт. Айрым учурларда экономиканын негизги жобосу деп аталган ушул жөнөкөй идея - өтө кубаттуу курал, анткени ал дээрлик ар бир иш-аракетибизде колдонулат.

Кайсы бир вариант көбүрөөк чыгымга учурата баштаса, андайды кишилер азыраак тандашмакчы. Бул сунуштун ыктымалдуу натыйжасы тууралуу ой калчаңыз. Ансыз да жолугушууга кечигип жаткан киши өз убакытын ара-чолодо теңтушуна учурашып кетүү үчүн колдоноору күмөн. Суук, жаанчыл күнү анча-мынча гана киши табиятка эс алууга чыгат. Баа кымбаттаса, сатылчу нерсенин саны да кемийт. Эс алууга бир күн калганда, сабакка келчү студенттердин саны адаттагыдан төмөн болот. Ар мисалдын түшүндүрмөсү окшош: тийешелүү варианттын чыгымдары өсчү болсо, аны тандоо ыктымалдуулугу азаят.

Анын сыңарындай, тандалган варианттан пайда улам өсө берсе, анда аны тандоо ыктымалдуулугу дагы өсөт. Жөө киши көчөдө жаткан тыйынга караганда, евро же доллар акча үчүн бел ийип, аны салып алышы көбүрөөк ыктымал. Дарстын материалы сынакка кирээри маалым болсо, студенттер ал дарска сөзсүз келет жана көбүрөөк көңүл бурат. Дүкөндүн баалары арзан, тейлөөсү жогорку сапатта жана жайгашкан жери ыңгайлуу болсо, анда кардарлар андан көбүрөөк соода кылышат. Эмгегинин акыбети кайтчу болсо, кызматкерлер жигердүүрөөк жана натыйжалуураак иштешмекчи. Мунун баары - күтүлгөн жыйынтыктар жана тек гана экономикадагы "стимулдар өтө маанилүү" деген жобону чагылдырып турушат.

Стимулдардын маанилүүлүгү
Кошумча окуу. Өзүңүзгө жүктөп алуу үчүн басыӊыз (64KB)

Бул жөнөкөй жобо базардагы баалардын өзгөрүүсү кантип стимулдарга кардар менен сатуучунун аракеттерин багыттагандай таасир тийгизээрин түшүндүрөт. Эгерде кардарлар товарды өндүрүүчүлөр каалаган (өндүрө алган) көлөмдөн көп сатып алгысы келсе, анда анын баасы тез арада өсүп чыгат. Товардын баасы өскөн сайын сатуучулар анын санын көбөйтүүгө умтулат, ал эми кардарлар азыраак сатып ала башташат. Бул жүрүм жогорураак баа суроо-талаптын көлөмү менен сунуштун көлөмүн тең салмактаганга чейин улантылат. Ушул чекитке жеткенде, баалар турукташат.

Эгерде тескерисинен чыгып, сатуучулар кардарлардын талабынан көбүрөөк товар камсыздоону каалашса эмне болот? Эгерде сатуучулар бардык товарларын өздөрү көксөгөндөй баада сата албай калышса, анда товар баасын төмөндөтүүгө аргасыз болушат. Өз кезегинде, арзаныраак баа кардарларды көбүрөөк товар сатып алууга түртөт, бирок өндүрүүчүлөргө товарды жаңы, төмөнкү баада сунуштоо жагымсыз болгондуктан, алар аны арбын көлөмдө жабдуудан баш тартышат. Кайталасак, баанын өзгөрүүсү кардардын суроо-талабынын саны менен сатуучу өндүргөн товардын санын тең салмакка алып келет. Ушул учурда бааны өзгөртүүгө түрткөн эч кандай күч жок.

Мисалы, аба ырайынын начардыгынан улам, 2014-жылы жай мезгилинде АКШнын Жоржия штатында шабдалынын баасы ага чейинки жылга салыштырганда 180 пайызга өскөн. Баа кескин өскөнүнө карабастан, кардарлар нааразылыгын билдирген эмес. Эмнеге? Шабдалы өтө эле кымбат болуп кеткенде, кардарлардын көбү анын ордуна башка жемиштерди сатып алышкан. Кышкыга кыямды шабдалынын ордуна алмурут же айвадан даярдашкан.

Андан ары, кардарлар да, сатуучулар да шабдалы баасынын өскөнүнө карата өз турумдарын өзгөртүшкөн. Шабдалы өндүргөн дыйкандар анын жаңы көчөттөрүн отургузушкан. Ал эми алма же алмурут өндүргөн дыйкандар шабдалы көчөтүн отургузууга өткөн. Акыры, эки жылдан соң (жаңы отургузулган шабдалы дарактары мөмө байлап калганда), өндүрүш көлөмү жогорулап, шабдалы баасы төмөндөгөн.

Стимулдар саясий чечимдерге дагы таасир кылат. Шайлоого катышып жаткан кишинин добуш бөлмөчөсүндөгү жүрүм-туруму анын соода борборунда товар тандаган учурунан кыйла айырмаланат деп ишенүүгө негиз деле жок. Көп учурларда шайлоочулар, өз чыгымдарын эске албаганда, жеке өздөрүнө айрыкча пайда келтиришет ко деп ишенишкен саясий талапкерлерди жана саясий нукту колдошоору ажеп эмес. Эгерде шайлоочулардын жекече чыгымдары күтүлгөн пайдадан салыштырмалуу жогору болсо, анда алар мындай саясий нукка каршы чыгууга ыкташат. Мисалы, улгайган жарандар пенсияны төмөндөтүүнү каалаган саясатчыларга жана сунуштарга чексиз санда каршы добуш берип келишти. 2018-ж. сентябрда Орусиядагы губернатордук шайлоолордогу "Бирдиктүү Орусия" партиясынын начар жыйынтыгы - анын пенсия көлөмүн азайтуу демилгесине каршылыктан улам болду, деген баа кеңири таркалган. Анын сыңарындай эле, сурамжылоолор студенттер ЖОЖдо окууга грант сунуштагандарды кубаттуу колдогонуна ишаара кылат.

Стимулдардын маанилүүлүгүн көз жаздымдан чыгарууга эч мүмкүн эмес. Алар - киши табиятынын бир бөлүгү. Стимулдар системасындагыдай эле деңгээлде мааниге ээ. Мурдагы СССРде бир учурда айнек чыгарган ишкананын жетекчилери менен жумушчулары өндүрүлгөн айнектин тонналаган салмагына жараша сыйлык алышкан. Алардын кирешеси өндүрүлгөн айнектин салмагына багыныңкы болгондуктан, көпчүлүк ишканалар аны өтө калың кылышчу да, мындай айнектен дээрлик эч нерсе көрүнчү эмес. Натыйжада эрежелер өзгөрүүгө дуушарланып, ишкана жетекчилерине өндүрүлгөн айнектин чарчы метрине жараша төлөнгөндөй шарт жаратылган. Бул эрежелерге ылайык, советтик ишканалар айнекти өтө жука чыгара баштап, ал тез эле сынып калчу. Буга улай, Польшанын заводдорунда өндүрүлчү бут кийимдин квотасы бекитилип, бирок булгары аз санда берилгенде, базарды балдардын бут кийимдери каптап кеткени таң калычтуу эмес.

Айрым кишилер ач көз жана өзүмчүл болгондо гана стимулдардын мааниси артат деп санашат. Бул - чындыкка төп эмес. Кишилердин иш-аракети ар кыл себептерден куралат: айрым учурда өзүмчүл, кээде кайрымдуу болушат. Кишинин жекече чыгымдары менен пайдалары өзүмчүл болуу же өзгө камын өзүнүкүнөн жогору коюу боюнча тандоого таасир этет. Мисалы, өзүмчүл же өзгөгө камкор киши болобу, алардын чөгүп бара жаткан баланы Деттифосс шаркыратмасына жетип калган шар дарыядан көрө, тайыз бассейнден эле куткарууга далаалат кылаары кыйла ыктымал. Экөө тең муктаж кишиге өздөрүнүн жаңы жана мыкты кийимин эмес, эски-куску кийимин берээри дээрлик бышык.

Албаниялык маркум филантроп Тереза энени эч ким "ач көз болгон" деп айыптабаса дагы, стимулдар ал айымды өз кызыкчылыктарына ылайык аракеттенүүгө түрткөн. Тереза эненин "Кайрымдуулук миссионерлери" уюму Нью-Йоркто үй-жайсыз кишилер үчүн баш калка жайын ачууга далаалат жасаганда, шаар бийлиги бул имаратка кымбат баада курулуш иштерин жүргүзүүнү талап кылган. Уюм болсо алиги долбоорун таштап салган. Бул чечим Тереза эненин жакырларга берилгендигине өзгөрүү кирген дегенди эч туюнтпады. Тескерисинче, бул - стимулдун өзгөргөнүн чагылдырды. Нью-Йорктун жакыр тургундарына көмөктөшүүнүн наркы өтө эле кымбат болгондуктан, Тереза эне өз ресурстарын башка чөйрөдө көбүрөөк пайдалуу болот деп чечкен. Стимулдардын өзгөрүшү, - бир жагынан ач көз, заттык максаттардын ширендиси болобу, же экинчи жагынан, өзгөчө чечимге шыкактаган боорукердик, алтруисттик максаттар болобу, - ага карабастан, ар бир кишинин тандоосуна таасир этет.

Дагы каалайсызбы? Бүтүндөй китепти азыр өзүңүзгө акысыз жүктөп алыңыз!

Англис, албан, армян, азербайжан, грузин, орус, украин жана өзбек тилдеринде да бар. Жакында казак тилинде чыгат.